Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев эксперттер жана журналисттер коомчулугунун, Бельгиядагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында эксперттер жана журналисттер коомчулугунун, ошондой эле Бельгия Королдугундагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушту. «Кыргыз Республикасы: демократиялык реформалар жана тышкы саясаттагы приоритеттер» аталышындагы жолугушуу Европа союзуна караштуу Бавария Эркин мамлекетинин Өкүлчүлүгүндө өткөрүлдү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөнү демократиялаштырууну карай тандап алган багыты туурасында айтып берди.

Мамлекет башчысы 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга токтолуп, өлкө татаал сыноолорду баштан кечирип, оор жоготууларга учурагандыгын белгиледи. Президенттин сөзү боюнча биринчи революциядан кийин адамдардын үмүтү акталган жок, бир үй-бүлөлүк кландын ордуна андан дагы коркунучтуусу келди. “Оппозиционерлерди да, бизнесмендерди да, журналисттерди дагы өлтүрө башташты. Болгондо да өтө мыкаачылык менен өлтүрүп жатышты”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент аталган окуяларда өзүнүн ролуна дагы бир аз токтолуп, апрель революциясынан кийин өлкө парламентаризмди, демократияны жана сөз эркиндигин карай багыт алгандыгын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ошол оор 2010-жылы кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстандын түштүгүндөгү от алган улуттар аралык кагылышуулардын кесепетин жое алгандыгын белгиледи. “Биз ал сыноодон дагы өтө алдык, эл мунун чоң провокация экендигин түшүндү”, - деди Алмазбек Атамбаев, азыр Кыргызстанда этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы ишке ашырылып жаткандыгын белгилеп өттү.

Андан тышкары Президент өлкөдө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди. “Биз диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын кабыл алдык, радикализмдин кескин өсүшүн токтотконго жетиштик. Бардык жарандар үчүн адилеттүү коом куруунун жолун көрсөтүп жатабыз. Эл динден тышкары демократиялык мамлекет куруу - туура жол экендигине ынана баштады”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн аркасында гана үч жылдын аралыгында бюджеттин киреше бөлүгүн эки эсеге, бажы жыйымдарынын көлөмүн үч эсеге көбөйтүүгө жетише алышкандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда алдыдагы парламенттик шайлоолордун өзгөчө маанисин баса белгиледи. “Быйыл парламенттик шайлоолорду таза өткөрүү абдан маанилүү, анткени 2,5 жылдан кийин жаңы Президентти шайлайбыз. Бизге жаңы Президент болушу өзгөчө мааниге ээ. Быйыл парламенттик шайлоолорду 2,5 жылдан кийин эл шайлоого эч шектенүүсүз баргыдай кылып өткөрүшүбүз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Европа союзунун институттарына жасаган сапарына токтолуп, Президент өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары менен ыраазы экендигин белгиледи. “Кыргызстандын Европа союзу менен мамилесинин жаңы этабы башталаарына толук ишенем. Франциянын Президенти Франсуа Олланд, Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер жана Европа союзунун жетекчилери менен жолугушууларда Кыргызстанга таптакыр башкача мамиле жасашкандыгына көзүм жетти. Бизге ишеништи. Меркель айым менен сүйлөшүүлөрүбүз дагы дал ушундай болот деп ойлойм”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге өлкөнүн алдыдагы Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерге катышуусу тууралуу маселени дагы кыйгап өткөн жок. Тышкы саясаттын приоритеттерине келгенде бул маселе боюнча чечимдер эң оболу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына негизделээрин баса белгиледи. “Кыргызстан бардык кошуналары менен жакшы мамиледе. Ошол эле учурда биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды так эске алабыз. Биз Европа жана Борбордук Азия, Европа менен Кытайдын ортосундагы көпүрө сыяктуубуз. Ошол эле учурда биз нукура демократиялык жолду тандап алдык”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна дагы жооп берди.

Жолугушууга Бельгия Королдугундагы жана Брюссель шаарында жайгашкан Уюмдардагы бир катар өлкөлөрдүн Элчилери жана Өкүлдөрү, саясый аналитиктер жана изилдөөчүлөр, Европа союзунун түрдүү институттарынын кызматкерлери, дүйнөгө белгилүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылары катышышты.

Жолугушуунун соңунда катышуучуларга «Кыргызстан - жаш демократия үчүн мүмкүнчүлүк» фотокөргөзмөсү тартууланды.

2015-жыл 30-март