Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюс» телеканалына интервью берди

Бүгүн, 2015-жылдын 30-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында «Евроньюс» европалык маалыматтык телеканалына интервью берди.

Интервьюнун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, Европа союзунун өлкөлөрүнө жана институттарына сапар, европалык өлкөлөр менен мамилелерди мындан ары активдештирүү, ошондой эле өлкөнүн евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерге катышуусу тууралуу айтып берди.

Маалымат үчүн: «Евроньюс» - европалык күнү-түнү көрсөтүүчү маалыматтык телеканал, дүйнө окуяларынын видеохроникасын жана 14 тилдеги аудикомментарийлерди камтыйт. Телеканалдын аудиториясы 300 миллиондон ашуун көрүүчүлөр, 150дөн ашык өлкөдө көрсөтүлөт.

2015-жыл 30-март