Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 30-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушту.

«Бетме-бет» форматында өткөн жолугушууда кыргыз-бельгиялык мамилелерин өнүктүрүү маселелери, ошондой эле түрдүү тармактарда мындан ары кызматташуунун перспективалары талкууланды.

2015-жыл 30-март