Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Туск менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 27-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Туск менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн түрдүү тармактарындагы кызматташуу маселелери, демократияны мындан ары бекемдөө боюнча пландар талкууланып, ошондой эле регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен  Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Туск Кыргызстанда жана Борбордук Азия регионунда коомдук-саясый кырдаалдын өнүгүүсүнө, анын ичинде диний чөйрөгө көңүл бурушту.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Европа кеңешинин Төрагасы парламенттик демократияны түзүүдө жана коррупцияга каршы күрөштө Кыргызстан натыйжалуу саясат жүргүзүп жаткандыгы боюнча бирдей пикир билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстанда алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду таза жана ачык-айкын уюштуруу жана өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

2015-жыл 27-март