Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа комиссиясынын вице-президенти Андрус Ансип менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 27-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жана Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын вице-президенти, маалыматтык технологиялар тармагындагы ири долбоорлордун ишке ашырылышына кураторлук кылган Андрус Ансипменен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа комиссиясынын ортосунда маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташуусунун перспективалары талкууланды.

Мамлекет башчысы Европа комиссиясынын вице-президенти менен Кыргызстанда алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде жаңы технологияларды колдонууга жана маалыматтарды коргоого тиешелүү маселелерди дагы талкуулады.

Европа комиссиясынын вице-президенти Андрус Ансип бирдиктүү санариптик рынокту түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берип, электрондук маалыматтар менен алмашуу системасын түзүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пландары менен бөлүштү. Калктын электрондук маалыматтык базасын коррупцияга каршы күрөштө пайдалануу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн, анын ичинде салык чогултуу жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча системасын өнүктүрүүдөгү европалык өлкөлөрдүн тажрыйбаларынын мисалдары келтирилди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүдө заманбап маалыматтык технологияларды натыйжалуу пайдалануунун маанисин баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев менен Андрус Ансип Кыргызстанга Европа комиссиясынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эксперттеринин сапарын уюштуруу боюнча макулдашышты.

2015-жыл 27-март