Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 26-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын алкагында Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Президент Алмазбек Атамбаев менен Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

Биз жакшынакай жолугушуу өткөрдүк. Биз ойлорубуз менен ачык-айрым бөлүштүк, жолугушуу мага терең  таасир калтырды. Ушул жолугушуудан кийин Европа союзу менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк мындан да маанилүү болооруна ишенем, ошондой эле, урматтуу Президент, Европа парламенти Сизге дайыма колдоо көрсөтөт деп мен Сизге ишенимдүү айта алам. Жылдын экинчи жарымында мен Кыргызстанга барганы жатам, ошондо дискуссияны улантабыз деп ишенем, - деди Мартин Шульц.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олланд жана Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц менен жолугушуудан кийин Украина жана Молдовага байланыштуу Европа союзунун аталган лидерлери менен Россиянын позицияларын кайсы бир деңгээлде жакындатууга мүмкүн болгонун белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда сапары жылдын эки жарымына болжолдонгон Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульцту чыдамсыздык менен күтүшөт деп баса белгиледи.

2015-жыл 26-март