Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясынын Президенти Симонетта Соммаруга менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Берн шаарында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Симонетта Соммаруга менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтуу маселелери талкууланып, ошондой эле эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мындан ары өз ара аракеттенүүнүн перспективалары каралды.

Мамлекет башчылары ошондой эле эл аралык маселелердин негизги аспекттери боюнча пикир алмашышты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Швейцариянын Президенти Симонетта Соммаруга кыргыз-швейцариялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн жана биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду улантуунун маанисин белгилешти.

Жолугушуу бетме-бет форматында өткөрүлдү.

2015-жыл 26-март