Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Франция Республикасынын Президентинин Биргелешкен коммюникеси

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Франция Республикасынын Президентинин Биргелешкен коммюникеси

 2015-жылдын 25-марты, Париж шаары.

Франция Республикасынын Президентинин чакыруусу менен 2015-жылдын 24-25-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргызстандын ишкерлеринин коштоосунда Францияга сапар менен барды.

Франция Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентин Борбордук Азия мамлекеттери менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана ЕСтин Борбордук Азияга карата стратегиясын Франция активдүү колдоого умтулаарына ишендирди.

Эки мамлекеттин Президенттери эки тараптуу кызматташуунун абалы жана перспективалары тууралуу, ошондой эле эл аралык актуалдуу маселелер боюнча терең пикир алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти фундаменталдуу демократиялык баалуулуктарды коргоого даяр экендигин белгиледи. Франция Республикасынын Президенти Кыргызстанда демократияны илгерилетүүдөгү аракеттерди жогору баалап, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө багытталган социалдык-экономикалык реформаларды жана иш чараларды жүргүзүүгө колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Эки мамлекеттин Президенттери Кыргызстанда 2015 жана 2017-жылдары өткөрүлө турган парламенттик жана президенттик шайлоолорду уюштурууда ЕС менен ЕККУнун көмөгүнүн алкагында француздук экспертизаны берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүүгө өбөлгө болуучу биргелешкен кызматташууну күчөтүүгө өз ара умтулаарын билдиришти.

Мамлекет башчылары кыргыз-француздук саясий диалогду бардык деңгээлде өнүктүрүүгө, тактап айтканда эки мамлекеттин тышкы саясий мекемелеринин улук кызматкерлердин деңгээлинде жыл сайын өтүүчү консультацияларды уюштуруу боюнча каалоолорун билдиришти. Тараптар ошондой эле парламенттер аралык кызматташууну жана Кыгызстан менен Франциянын шаарларынын жана региондорунун ортосунда  кызматташууну чыңдоого чакырышты.

Тараптар экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүгө умтулуусун билдирип, энергетика, агроөнөр жай комплексинде жана туризм тармактарында  кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилешти. Бул контекстте ушул сапардын алкагында түз байланыштарды орнотууга жана кызматташуунун өз ара пайдалуу чөйрөлөрүн аныктоого өбөлгө түзгөн эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортсундагы жолугушууну кубатташты.

Эки өлкөнүн лидерлери жогорку окуу жайлардын, изилдөө жана маданий мекемелердин, коомдук уюмдардын ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанисин баса белгилешти. Тараптар эки өлкөнүн ортосунда, тактап айтканда «Erasmus+» программасынын алкагында студенттерди алмашууну өнүктүрүүгө, ошондой эле «Campus France» агенттигинин үстүбүздөгү жылдын акырында Кыргызстанда форум уюштуруу боюнча ниетин колдоого алышты. Тараптар  Борбордук Азия боюнча франциялык изилдөө ишмердигинин алкагында Бишкекте жайгашкан Борбордук Азияны изилдөөнүн Франция институтунун ишинин маанисин белгилешти.

Эки элдин лидерлери эл аралык актуалдуу маселелерди талкуулап, Франция менен Кыргызстандын регионалдык жана глобалдуу масштабда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоого жана диалогду өнүктүрүүгө салым кошуу боюнча жалпы эрки бар экендигин белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Украинадагы кризисти чечүүгө көмөктөшүүдөгү Франциянын аракеттерин жогору баалады. Франция тарап өз кезегинде Кыргызстандын Россия менен Европа союзунун позицияларын жакындаштырууга өз салымын кошууга даяр экендигин кубаттады.

Эки өлкөнүн Президенттери үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Парижде өткөрүлө турган амбициоздуу улуттук салымдардын негизинде климатты өзгөртүү боюнча БУУнун Рамкалуу Конвенциясынын Тараптарынын 21-конференциясы глобалдуу жылуулук менен күрөштө сезилерлик прогрессти камсыз кылууга тийиш экендигине макулдугун билдиришти.

Тараптар Франция менен Кыргызстан алдыдагы БУУнун адам укуктары боюнча Кеңештин алдыдагы шайлоолордо өз ара колдоо көрсөтүүгө макулдашышты.

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олландка жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

2015-жыл 25-март