Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олланд менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 25-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Франция Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Франция Республикасынын Президенти Франсуа Олланд менен Елисей ак сарайында жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Франциянын саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечектеги  маселелери талкууланды. Мамлекет башчылары эл аралык маселелерге  токтолуп, тагыраак айтканда Борбордук Азиядагы жана Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Франциянын Президенти Франсуа Олланд Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Парижде жолугуп жаткандыгына кубанычта экендигин, демократияны өнүктүрүүдөгү, социалдык-экономикалык программаларды жана плюрализм принциптерин Кыргызстанда ишке ашыруудагы жетишкендиктерди кубаттаарын билдирди.

Сиз демократиялык шайлоонун жыйынтыгы менен шайлангансыз. Кыргызстанда демократия мындан ары дагы өнүгүшү үчүн ар тараптуу жардам беребиз, - деди Франсуа Олланд.

Франциянын Президенти экономикалык багытта эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнүн маанисин белгилеп, тактап айтканда гидроэнергетика жана агроөндүрүш комплекси тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттенишүүнү активдештирүү керек экендигин билдирди.

Кыргызстан энергетикалык ресурстарга бай болбосо да, француз ишкерлеринин көңүлүн көбүрөөк бурууга татыктуу, - деди Франсуа Олланд.

Андан тышкары Франциянын Президенти маданият аралык диалогдун маанисин, кыргыз-француздук маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү керектигин өзгөчө белгиледи.

Биз илим жана билим тармактарында байланышты активдештирүү үчүн сиздин Өкмөтүңүз менен эриш-аркак иштешүүгө даярбыз, - деди Франсуа Олланд.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олландга Франциянын аймагында кыйраган самолетто жарандардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Мамлекет башчысы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.

Кыргыз-француздук мамилелер тууралуу кеп кылып келип, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду күчөтүү керектигин, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  кыргызстандыктарга европалык баалуулуктар, биринчи кезекте эркиндик жана демократия принциптерин урматтоо абдан жакын экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Франциянын Президенти Франсуа Олланд  салабаттуу диалогдун жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти, ошондой эле бул жолугушуу менен кыргыз-француздук мамилелердин жаңы этабы башталгандыгын бир пикирден билдиришти.

Мамлекет башчыларынын пикири боюнча Кыргызстандын алдыдагы Евразия экономикалык союзуна кошулуусу Кыргызстандын Европа союзу жана Франция менен мамилелерин активдештирүүгө мындан дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Франциянын Президенти Франсуа Олланд ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү үчүн кызматташууну күчөтүүгө, анын ичинде Европа союзу жана ЕККУ тарабынан эксперттик кызмат көрсөтүүлөр аркылуу Кыргызстанда алдыдагы 2015-жылдагы парламенттик жана 2017-жылы президенттик шайлоолорду уюштурууга өз ара умтуулусун билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Президенти Франсуа Олландка жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Франциянын Президентин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен Коммюнике кабыл алынды.

2015-жыл 25-март