Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Испаниянын Королуна Франциянын аймагында учактын кыйрагандыгынын кесепетинен Испаниянын жарандары каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 25-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Испаниянын королу Филипп VIга Франциянын аймагында кыйраган учактын бортунда Испаниянын жарандары каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы испан элине Франциянын аймагында кыйраган немис учагынын бортунда Испаниянын жарандары каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.

2015-жыл 25-март