Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык Президентине жана Федералдык канцлерине немис учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 25-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукка жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркельге Франциянын аймагында немис учагынын кыйрашынын кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Франциянын аймагында кыйраган немис учагынын бортундагы Германиянын жарандары каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айтты.

2015-жыл 25-март