Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуу маселелери талкууланып, түрдүү тармактарда өз ара аракеттенишүүнүн мындан аркы перспективалары каралды.

ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер Кыргызстандын өлкөдө коомдук-саясый туруктуулукту сактоодогу, парламенттик демократия куруудагы, демократиялык институттарды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин белгиледи.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташуусунун маанисин баса белгилеп, өлкөдө таза жана ачык-айкын шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча пландары туурасында айтып берди. “Үстүбүздөгү жылдын күзүндө Кыргызстанда маанилүү окуя - парламенттик шайлоолор өткөрүлөт. Шайлоолорду максималдуу таза өткөрүү зарыл. Өлкөдө шайлоолорду эски эрежелердин негизинде өткөрүү боюнча  аракеттер бар. Биз парламенттик шайлоолорду жаңы эрежелердин негизинде жаңы жетишкендиктерди колдонуу менен өткөрөлү дегенбиз. Себеби эки жарым жылдан кийин Кыргызстандын жаңы Президентин шайлоо өткөрүлөт. Ал жерде ачык-айкындык жана таза өткөрүү өзгөчө мааниге ээ болот. Сиздердин жардамыңыздар менен биз парламенттик шайлоолорду татыктуу өткөрүп, 2017-жылдагы президенттик шайлоого даяр болобуз деп ойлойм”, - деди Алмазбек Атамбаев.

ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоолорго даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө Уюм даяр экендигин билдирди.

2015-жыл 24-март