Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер «Кыргызстан - жаш демократия үчүн мүмкүнчүлүк» фотокөргөзмөсүнө барышты

Бүгүн, 2015-жылдын 24-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен бирге Вена шаарында уюштурулган «Кыргызстан - жаш демократия үчүн мүмкүнчүлүк» фотокөргөзмөсүн  көрүп чыкты.

Фотокөргөзмөгө кыргыз фотожурналисттеринин 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды чагылдырган, ошондой эле  кыргыз элинин бай маданиятын жана 2014-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары тууралуу баяндаган документалдуу фотосүрөттөр коюлган.

Фотокөргөзмөнү белгилүү журналист Лейла Саралаева ачып, анын максаты туурасында баяндап берди. “Кыргызстандын тарыхынын жүрүшүн өзгөрткөн маанилүү окуядан бери беш жыл өттү. Ошол күнү өлкөдө элдик революция ишке ашырылып, анын жыйынтыгында Бакиевдин кылмыштуу бийлиги кулатылган. 2010-жылдын 7-апрели Кыргызстанга кайгы, баш-аламандыкты алып келди. 87 адам каза болуп 400дөн ашуун жаш азаматтар жарадар болгон. Бирок ошол күн өлкөбүздүн турмушундагы оор тилкеге биротоло чекит коюп, ишеним, үмүт жаратып, өлкөнү кайра жандандырып, өнүктүрүүгө дем берди”, -деди фотокөргөзмөнүн уюштуруучусу Лейла Саралаева.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

2015-жыл 24-март