Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сингапурдун Президенти Тони Тан Кен Ямга Сингапурдун биринчи Премьер-министри Ли Куан Юнун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сингапур Республикасынын Президенти Тони Тан Кен Ямга Сингапурдун биринчи Премьер-министри, сингапурдук «экономикалык кереметтин» демилгечиси, өткөн жана азыркы кылымдардагы залкар саясатчы Ли Куан Ю мырзанын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Бул Сингапур үчүн гана эмес, ошондой эле өз күчүнө таянып, туруктуу өнүгүү багытын көздөгөн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн дагы оор жана орду толгус жоготуу”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

2015-жыл 23-март