Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 23-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Вена шаарында Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишер менен «Хофбург» Президенттик ак сарайында жолугушту.

Президенттик ак сарайдагы расмий кабыл алуу аземинен кийин өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Австриянын ортосунда саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер эл аралык абал боюнча пикир алмашып, Борбордук Азиядагы жана Украинадагы кырдаалды талкуулап, Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда мындан аркы өз ара кызматташуунун негизги багыттары боюнча ойлорун айтышты.

“Эки жыл мурда мен расмий сапар менен Кыргызстанда болгом, азыр Сизди бул жерде кабыл алууга абдан куштармын. Сиз жооп иретинде Австрияга келүү тууралуу чечим кабыл алганыңызга абдан ыраазымын. Мунун өзү өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жакшы кызматташуунун мыкты белгиси. Биздин өлкөлөрүбүздүн көп жалпылыктары бар, Кыргызстан парламенттик башкаруудагы, демократиялык принциптерди туу туткан өлкө. Демократия - татаал иш, ошондуктан биз Кыргызстандын өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алгандыгын колдойбуз”, - деди Хайнц Фишер.

Австриянын Федералдык Президенти кыргыз-австрия кызматташуусунун потенциалын белгилеп келип, инвестицияларды коргоо жана укук коргоо тармагында кызматташуу боюнча пландарына токтолду. “Мен жеке өзүм жана Австрия  Кыргызстандын биздин өлкө менен да, Европа союзу менен дагы мындан аркы кызматташуусун колдойбуз”, - деди Хайнц Фишер.

Австриянын Президенти Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга, тактап айтканда коррупцияга каршы күрөшкө токтолду. “Биз Кыргызстандын Эл аралык антикоррупциялык академияга кошулуу тууралуу чечимин колдойбуз”, - деди Хайнц Фишер.

Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кирүү боюнча маселесине келгенде Хайнц Фишер, бул чечимди Кыргызстан жеке өзү гана кабыл алышы керектигин, ошондой эле Европа союзунун мамлекеттери менен болгон мамилелердин мындан ары да өнүгүшүн кубаттаарын билдирди.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Европа союзунун элдеринин жалпы демократиялык баалуулуктары бар экендигин жана эки мамлекеттин ортосунда ишке ашырылбаган кызматташуу потенциалы жөнүндө белгилеп өттү. “Бизди Европа союзунун беш мамлекетине чакыруу бул Кыргызстанда демократия орнотулуп жаткандыгына Европа  ишеним артып кабыл алгандыгын билдирет. Экономикада жана саясатта биригип көп нерселерди ишке ашырабыз деп ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Евразиялык экономикалык союзга кирген мамлекеттер жалпы экономикалык кызыкчылык бар экендигин жакшы билишет. Бирок уюмдун ар бир мүчө-мамлекетинин саясатта жекече өнүгүү жолу бар. Биз демократиялык жолду тандадык, ушул жолубуздан эч качан кайтпайбыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен бирге, Мамлекет башчысы Украинадагы кырдаал тууралуу да оюн билдирди. Азыркы түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн Минск макулдашуусун бардык тараптар тең аткаруусу зарыл экендигин баса белгиледи. “Өз ара тирешүү жакшылыкка алып келбейт, кырдаалды гана курчутат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында Россия тарап Европа менен болгон мамилени жөнгө салууга жана Украинадагы согушту токтотууга кызыктар.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү аяктаган соң, алардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Австрия Республикасынын Эл аралык жана европалык иштер министрлигинин ортосунда 2015-2016-жылдарга кызматташуу Программасына кол коюлду.

Андан соң, Президент Алмазбек Атамбаев жана Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер биргелешкен пресс-конференция өткөрүштү.

2015-жыл 23-март