Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев сапар менен Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германия, ошондой эле Европа союзунун институттарына (Брюссель) барат

Бүгүн, 2015-жылдын 22-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Австрия Республикасына жол тартты.

Расмий сапарынын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Австриянын Федералдуу Президенти Хайнц Фишер, Австриянын Парламентинин жогорку палатасынын Спикери Соня Цвацл менен жолугушуп, кыргыз-австрия бизнес-форумуна катышат.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев баңги заттар жана кылмыш боюнча БУУ Башкармалыгынын Аткаруучу директору Юрий Федотов, ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

2015-жылдын 25-мартында Мамлекет башчысы Франция Республикасына сапар тартып, Франция Республикасынын Президенти Франсуа Олланд менен жолугушуп, кыргыз-франция бизнес-форумуна катышат.

2015-жылдын 26-мартында Президент Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясына расмий сапар жасайт, анын алкагында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Симонетта Соммаруга жана тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

2015-жылдын 26-30-мартында Мамлекет башчысы сапар менен Бельгия Королдугуна барып, Бельгиянын Королу Филипп, ошондой эле Европа союзунун институттарынын жетекчилери менен жолугушат. Тактап айтканда Европа парламентинин Төрагасы Мартин Шульц, Европа комиссиясынын Төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Туск менен жолугушат.

2015-жылдын 31-марты-1-апрелинде Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасына сапар тартып, Германиянын Федералдуу Президенти Йоахим Гаук жана Федералдуу Канцлер Ангела Меркель менен жолугушат.

Мамлекет башчысынын Европа союзунун өлкөлөрүнө жасаган сапарынын алкактарында саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюу болжолдонууда.

Президент Алмазбек Атамбаевдин сапары Кыргызстандын Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германия жана Европа союзунун институттары менен саясый диалогун тереңдетүүгө жана мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүүгө багытталган.

2015-жыл 22-март