Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Президенти Хасан Роуханиге энеси каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 22-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге энеси Сакинэ Пейванди айымдын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Сизге жана Сиздин жакындарыңызга орду толгус оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

2015-жыл 22-март