Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Түркия элинин жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн Сизди, Улуу Урматтуу жана жалпы боордош кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайм. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды келечекте достукка, бир туугандыкка, тилектештикке жана кызматташтыкка алып келген жакшынакай саамалыктарыбыздын бири болгон Нооруз майрамы ушул жылы да чоң кубаныч жана шыктануу менен майрамдалат”, - деп белгиленет куттуктоодо.

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Нооруз майрамы бейпилдикти, бакытты, тынчтыкты жана туруктуулукту Кыргызстан менен Түркиянын элдерине гана эмес, ошондой эле бүткүл регионго жана дүйнөгө алып келишин каалады.

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Алмазбек Атамбаевге ден-соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 21-март