Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында байыркы Нооруз майрамы өлкөлөрүбүздүн маданий жана руханий мурастарыбыздын жалпылыгын жана эки элдин жакындыгын белгилеп тургандыгы айтылат.

Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани келе жаткан жаңы жыл эки элге тең тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү, эки тараптуу достук мамилелердин өнүгүшүн алып келсин деген ишенимин билдирди.

Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 20-март