Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Белгилүү болгондой, бул жаркыраган майрам эзелтен тынчтыкты жана ынтымакты, достукту жана сүйүүнү туюндурат. Бабаларыбыз Ноорузду берекенин, молчулуктун жана бакыттын майрамы катары белгилеп, бул майрам күнү бүгүнкүгө чейин зор кубаныч тартуулап келет. Өлкөлөр жана элдер ортосундагы тынчтыкты мындан ары чыңдоону туюндурган Нооруз адамзаттын өтө бай руханий-маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү катары кеңири белгиленип келет”, - деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоосунда.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевге тынчтык, бейпилдик жана жаңы саамалыктарды, Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 20-март