Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Нооруз Жер жүзүндө эң байыркы майрамдардын бири катары XXI кылымдын башында БУУнун деңгээлинде эл аралык майрам катары таанылгандыгы белгиленет. “Бул майрам жазгы күн менен түндүн теңелишин гана билдирбестен, жаратылыштын жаңыланышын, жашарышын да туюндуруп, жалпы адамзаттык гуманисттик идеяларга сугарылган”, - деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук жана ийгилик, ал эми боордош Кыргызстан элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 20-март