Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Кылымдар бою Нооруз жаратылыштын жанданышын жана жаңылануусун ачык туюндурат, боордош жакын элдерибиздин таза тилектерин жана жаратман рухун, кайталангыс маданиятын белгилейт, жакшы коңшулаштыктын жана өз ара түшүнүшүүнүн тамыры терең салттарын бекемдөөгө көмөктөшөт”, - деп айтылат Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

Президент Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, бакубатчылык жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын достук элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

2015-жыл 20-март