Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Тунистин Президенти Бежи Каид Эс-Себсиге «Бардо» улуттук музейиндеги теракттын натыйжасында жарандардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тунис Республикасынын Президенти Бежи Каид Эс-Себсиге «Бардо» улуттук музейиндеги террористтик акттыннатыйжасындаТунистин жана башка мамлекеттердин жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргызстан терроризмдин түрдүү көрүнүштөрүн чечкиндүүлүк менен айыптайт жана эл аралык коомчулуктун терроризмге каршы күрөшүүдөгү аракеттерин колдойт”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жарадар болгондорго тезирээк айыгып кетүүсүн каалагандыгын билдирди.

2015-жыл 20-март