Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппараты: “Кыргызстандын Президентинин Кишиневдогу расмий эмес жолугушуусу Россиянын, Молдованын жана Евросоюздун өз ара кызматташуу маселелерин талкуулоого арналган”

2015-жылдын 15-мартында, жекшемби күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургка сапарынын жолунда кыска мөөнөткө Кишеневго токтогон. Молдованын парламентинин төрагасы Адриан Канду жана республиканын башкаруучу коалициясынын лидерлеринин бири Владимир Плахотнюк менен расмий эмес жолугушуу Молдованын Европа союзу жана Россия менен өз ара кызматташуу маселелерин талкуулоого арналган. Башка маселелер менен бирге ушул эле маселелер Алмазбек Атамбаевдин Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда дагы сүйлөшүүнүн предмети болду. Көптөгөн башка маселелер менен бирге, ушул эле маселелер Кыргыз Республикасынын Президентинин Европанын өлкөлөрүнө болжолдонгон сапарынын жүрүшүндө талкууланышы болжолдонууда.

Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна кошулуп жатат, ошондуктан Евразия континентинде тынчтыкты чыңдоо жана чыңалууну эскалациялоого жол бербөө боюнча түздөн-түз кызыкчылыктары бар.

«Бишкек - Кишинев - Санкт-Петербург - Бишкек» каттамы боюнча кыргыз делегацисынын авиаучууларында башынан эле жол чыгымдарын Алмазбек Атамбаев жеке каражаттарынын эсебинен төлөөрү белгилүү болгон. 1993-жылы жасалган ТУ-154 президенттик самолет ошол учурда учуу алдындагы текшерүүлөрдөн өтүп жаткан.

2015-жыл 19-март