Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө биз көп нерсеге жетиштик, бирок андан дагы көп иш жасоого тийишпиз”

Бүгүн, 2015-жылдын 19-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнө аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. “Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө биз көп нерсеге жетиштик, бирок андан дагы көп иш жасоого тийишпиз. Бардык деңгээлде коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу зарыл. Мамлекеттик органдарда коррупциялык схемаларды бузуш керек. Коррупцияга каршы күрөштө кол тийгистер жана жумшак мамиле болбоого тийиш”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы иштеп чыккан сунуштамаларды мамлекеттик органдар ишке ашыруусунун маанисин баса белгилеп, жумушчу топтун мүчөлөрүнө ар бир иштин  аткарылышын көзөмөлдөп, ар бир ишти акырына чейин чыгарууга чакырды. ”Сиздердин сунуштар коомго пайда алып келүүгө, анын тазаланышына өбөлгө болуп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө шарт түзүүгө тийиш”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент энергетика секторундагы коррупциянын көрүнүштөрүнө жана алардын өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна таасирине өзгөчө токтолду. Мамлекет башчысынын сөзү боюнча энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу  маселеси өлкөнүн Коргоо кеңешинин жакынкы жыйынында каралат.

Президент Алмазбек Атамбаев ошону менен бирге жумушчу топтун мүчөлөрүнүн көңүлүн укук коргоо органдарындагы коррупциянын көрүнүштөрүнө бурду. “Бүгүнкү күндө биз коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшө турган айрым түзүмдөр өздөрү коррупциянын очогуна айланып жаткандыгын көрүп турабыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ушуга байланыштуу Президент Коргоо кеңешинин жумушчу тобуна укук коргоо органдарынын натыйжалуулугу  жана алардын кызматкерлерине карата коюулуучу талаптарды жогорулатуу зарылчылыгы тууралуу маселе койду.

Президент Алмазбек Атамбаев жолугушууну жыйынтыктап жатып, жумушчу топко мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жана тобокелдерди жоюу боюнча так иштелген конкреттүү пландарды иштеп чыгуу боюнча жумушту улантууга милдеттендирди. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү антикоррупциялык чараларды өзгөчө контролго алууга жана бул ишти аткара албай жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата тиешелүү жыйынтыктарды чыгарууга тийиш деп баса белгиледи.

2015-жыл 19-март