Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык маданий кызматташуу боюнча Россия Президентинин Атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 18-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык маданий кызматташуу боюнча Россия Федерациясынын Президентинин Атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуу маселелери, эки өлкөнүн элдеринин маданий жана тарыхый жалпылыгын эске алуу менен маданият аралык өз ара аракеттенишүүсүн мындан ары күчөтүү, ошондой эле республиканын алдыдагы Евразиялык мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерге катышуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы билим берүү, илим, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү кыргыз-россиялык байланыштарды кеңейтүүнүн маанисине токтолуп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көп тармактуу кызматташуудагы мындай өз ара аракетешүүнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

2015-жыл 18-март