Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуяларына байланыштуу кайрылуусу

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары - эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң олуттуу бурулуштардын бири. Аксынын Боспиек айылынан карапайым мекендештерибиз баштаган кыймыл элибиздин азаттык жолундагы чечкиндүү аракетинин башатына айланды.

Мындан туура 13 жыл мурун ишенимден таптакыр чыгып, коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлгөн элибиз жөө жүрүшкө чыккан. Анын арты кырчындай алты өмүрдү алган кайгылуу окуя менен коштолгон.

Аксы окуялары кыргыз эли бийликтин зордук-зомбулугуна, өзүм билемдигине моюн сунбастыгын, тизелеп жашагыча, тикесинен тик туруп  жанын берээрин далилдеди. Эркиндикти, көз карандысыздыкты бардыгынан жогору коюп, ал бийик максат үчүн керек болсо өмүрүн курмандыкка чалаарын дагы бир ирет ырастады.

2002-жылдын 17-мартындагы окуялар бийликтин булагы - эл экендигин, мыйзамдуулукту орнотпой туруп, калыс, адилеттүү коом куруу мүмкүн эмес экендигин ачык көрсөттү.

Эгемендүүлүктүн татаал жолунда Кыргызстан далай тайгак кечүүдөн өттү. Эркиндик, көз карандысыздык үчүн ондогон мекендештерибиздин өмүрү кыйылды, окко учту.

Адилеттикти, эркиндикти туу тутуп, элдин келечеги үчүн өз жанын берген инсандар  тарыхка алтын тамга менен жазылып, эч качан унутулбайт.

Аксы окуяларында жана 2010-жылдын 7-апрелинде эл үчүн өмүрүн берген мекендештерибизге таазим этип, алардын көздөгөн кыялын - таза, адилет, өнүккөн мамлекет курууга милдеттүүбүз.

Кудай колдоп, элибизде ынтымак жана биримдик, жергебизде тынчтык жана туруктуулук болсо, сөзсүз көздөгөн максатыбызга жетебиз!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 17-март