Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына барды

Бүгүн, 2015-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына барып, ал жакта Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугат.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Президент Владимир Путин кыргыз-россиялык кызматташтыктын маселелерин, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын, ошондой эле Евразиялык экономикалык союздун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулоону болжолдоп жатышат.

2015-жыл 15-март