Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге Казань шаарындагы соода борборунда болгон кырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көптөгөн курмандыктарды алып келген Казань шаарындагы соода борборунда болгон кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан сөздөрүмдү, ошондой эле жапа чеккендердин бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалагандыгымды билдирип коюңузду өтүнөм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2015-жыл 15-март