Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет элдик Элчилердин Ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 11-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Босния жана Герцеговинанын, Дания Королдугунун, Кипр Республикасынын, Бруней Мамлекетинин,  Фиджи Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Индонезия Республикасынын, Чехия Республикасынын жана Аргентина Республикасынын Элчилеринен Ишеним грамоталарды кабыл алды.

Мамлекет башчысы дипломаттык миссиялардын жетекчилерин өз мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчиси катарында расмий ишмердигин башташы менен куттуктап, Кыргызстан мында ары да өз ара пайдалуу, биринчи кезекте соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

“Сиздерин ар бириңиздердин өлкөлөрүңүздөр менен өз ара кызматташууга чоң маани берүү менен бирге, соода-экономикалык байланышты активдештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүүнү өтүнөөр элем. Биздин өлкөдө чет элдик инвесторлорду тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жетишерлик мүмкүнчүлүктөр жана шарттар бар”, - деп билдирди Президент Алмазбек Атамбаев.

Дипломатиялык миссиялардын башчыларына кайрылып, Президент Алмазбек Атамбаев чет элдик инвестицияларды тартууга Кыргызстанда жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн баса белгиледи.

“Бүгүн Кыргызстанга инвестицияларды кооптонбой эле салсаңыздар болот, анткени эң катаал мезгил артта калды, - деди Президент Алмазбек Атамбаев. – Элибиздин акылмандыгынын аркасында  кыйын сыноолордон өттүк. Учурда Кыргызстан өзүнүн туура жолун тапты деп ишенем. Биз демократиянын жолу менен, иштердин ачык-айкын жүргүзүү, коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзам үстөмдүгүнө ишенүү жолу менен баратабыз”.

“Сиздер мындан  ары Кыргызстанга инвестицияларды салууга болот деп  инвесторлоруңуздарды ишендирсеңер болот. Аны  үчүн бизде жаратылыш шарттары  гана эмес, экономикалык шарттар да, инвесторлорду колдогон мыйзамдар  дагы кабыл алынган”, - деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө, Президент Алмазбек Атамбаев элчилер өкүлү болгон мамлекеттер менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө элчилердин жооптуу миссиясын белгилеп, алардын иши жемиштүү жана натыйжалуу болушун каалады. “Жооптуу милдетти аткаруунун жүрүшүндө биздин өлкө менен жакшы таанышып, жакшы көрүп калаарыңыздарга ишенем. Бул болсо эки тараптуу байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, - деп баса белгиледи  Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек  Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан дипломатиялык миссиялардын жетекчилерине өз ишмердигин аткарууга   бардык керектүү жардам берилип, көмөк көрсөтүлөт деп ишендирип кетти.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге, төмөнкү чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөр Ишеним грамотасын тапшырышты:

  1. Босния жана Герцеговинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Иван Барбалич (резиденциясы Москва шаарында);
  2. Дания Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Томас Винклер(резиденциясы Москва шаарында);
  3. Кипр Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Георгиос Касулидис (резиденциясы Москва шаарында);
  4. Бруней Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хаджи Махади бин Маидина (резиденциясы Бандар-Сери-Бегаван шаарында);
  5. Фиджи Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Филимоне Кау (резиденциясы Сеул шаарында);
  6. Оман Султанатынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид бен Мохаммад аль-Барами (резиденциясы Астана шаарында);
  7. Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Анак Агунг Где Алит Сантика (резиденциясы Ташкент шаарында);
  8. Чех Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Элишка Жигова (резиденциясы Астана шаарында);
  9. Аргентина Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Пабло Ансельмо Теттаманти (резиденциясы Москва шаарында).

 

2015-жыл 11-март