Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы  бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда финансылоонун айрым булактарын аныктоону мыйзамдуу деңгээлде бекемдөө болуп саналат.

Мыйзамда киргизилген толуктоого ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  бюджеттик салык жана салыктык эмес кирешелери менен байланышкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк  долбоорлорун ишке ашырууда бюджеттик каражаттарды түзүүнүн жана пайдалануунун  атайын тартибин белгилейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

2015-жыл 10-март