Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юки Мокуону кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 6-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев БУУ Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Юки Мокуону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ишмердигине, ошондой эле өлкөдөгү балдардын абалын жакшыртуу, алардын укуктарын жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн мындан ары ар тараптуу кызматташуунун перспективаларына тиешелүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Юки Мокуого ЮНИСЕФтин балдардын укуктарын коргоого багытталган өлкөдөгү долбоорлорун натыйжалуу ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, балдардын ден-соолугун коргоо боюнча биргелешкен иштердин маанисине өзгөчө токтолду.

Өз кезегинде Юки Мокуо ЮНИСЕФтин баамында  азыркы учурда Кыргызстанда  балдарды коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн жакшы шарттар бар экендигин белгилеп өттү. ЮНИСЕФтин өкүлү  балдардын укуктарын коргоо маселелерине көңүл бөлүп жаткандыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчысы балдар өзгөчө камкордукка алынып, алар мамлекеттин, коомдун жана үй-бүлөнүн коргоосунда болууга тийиш экендигин баса белгилеп, өлкөдө балдардын абалын жакшыртуу үчүн  мындан ары да ЮНИСЕФ менен биргелешкен иштерди жүргүзүүгө ишенимин билдирди.

 

2015-жыл 6-март