Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргызстандын айымдары!

Сиздерди 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаз менен кошо кирип келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз.

Үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтабыз.

Улуу Ата Мекендик согуштун бардык оорчулугун кошо көтөргөн ардагер аялдарга өзгөчө ыраазычылык  билдиргим келет. Сиздер эркектер менен катар фронтто салгылашып, тылда иштеп, өлкөнү калыбына келтирип, келечек муунду тарбияладыңыздар. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында сиздерге терең таазим!

Сиздер, урматтуу аялдар - Кыргызстандын кутусуңар!   Даанышман энелерибиз жана апаларыбыз үй-бүлө очогун сактайт. Ал эми сүйүктүүлөрүбүздүн жылмаюусу, кыздарыбыздын жана неберелерибиздин күлкүсү кыйналып турган учурларда кубаныч тартуулайт. Сиздер бар үчүн адамзат бар!

Ардактуу айымдар!

Биз - эркектер, сиздерге карап эрктүү, мыкты жана күчтүү болгубуз келет. Жаратмандыкка, эмгекке жана чыгармачылыкка умтулабыз. Балдарыбыз, неберелерибиз сыймыктанчудай күчтүү жана гүлдөгөн  Кыргызстанды кургубуз келет.

Сиздерге бекем ден-соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ар бир күн сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                               Алмазбек Атамбаев

2015-жыл 6-март