Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдыманап Примбердиевге100 жылдык мааракесине байланыштуу 100 миң сом бөлдү

Бүгүн, 2015-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын Президетинин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдыманап Примбердиевге жолугуп, Кыргыз Республикасынын Президети Алмазбек Атамбаевдин атынан ардагердин 100 жылдык мааракесине байланыштуу материалдык жардамды колуна тапшырды.

Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Президети Алмазбек Атамбаевдин атынан ардагерди мааракеси менен жылуу куттуктап, анын  каармандык эмгегин белгилеп, узун өмүр жана чың ден-соолук каалады. “Сиз Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш жолунда кайталангыс баатырдык жана  эр жүрөктүк көрсөткөн муундун өкүлүсүз. Каармандыгыңыздар жана эрдигиңиздер менен кыргызстандык жаш муунга дем бересиздер”,-деди Данияр Нарымбаев. –  Биз, азыркы муундун өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин алдында түбөлүккө карыздарбыз”.

Каарман ардагер көңүл  бөлүп колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктарга ачык асман жана эсенчилик каалады.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдыманап Примбердиев Жеңишти Берлинден тоскондугун айтып берди. Өмүрлүк жары менен 75 жыл чогуу жашап жаткандыгын, 8 балалуу, 36 неберелүү жана 79 чөбөрөлүү экендигин баяндады.

2015-жыл 4-март