Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Башкортостан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитов менен жолукту

Бүгүн, 2015-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Башкортостан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитов менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев жана Башкортостан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитов түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кыргыз-башкыр мамилелеринин ыкчам өнүгүүсүн, ошондой эле маданияттар аралык жана иштиктүү байланыштардын активдешүүсүн канааттандыруу менен белгилеп кетишти. Андан тышкары, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн түрдүү тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландар айтылды.

Президент Алмазбек Атамбаев элдер ортосундагы маданий-тарыхый байланыштарды эске алып, Россиянын региондору менен түздөн-түз байланышууну жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилей кетти.

Башкортостан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитов эки тарап үчүн кызыктуу болгон түрдүү чөйрөдө, анын ичинде айыл чарба тармагында биргелешкен пландардын бар экендигин билдирди. “Биздин ишкерлерибиздин, биздин бизнесибиздин өз ара мамилелеринде ай сайын кызыктуу жакшы окуялар болуп турат, Кыргызстан менен Башкортостандын ортосунда дайыма алмашуу жүрүп турат” деди Рустэм Хамитов. “Искусство, маданият, илим жаатын бекемдөө – бул түпкү негиз, андан кийин экономика болот. Ал эмитен эле күч ала баштады”, деди Башкортостандын Президенти.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Башкортостан Республикасынын Башчысы Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кошулуусу кеңири спектрдеги маселелер боюнча эки тараптуу мамилелердин принциптүү жаңы келечегине жол ачып, кыргыз-башкыр байланышын андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн оңтойлуу шарттарды түзөөрүн бир пикирде билдиришти.

2015-жыл 4-март