Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди, айрым мыйзам актылары күчүн жоготту деп табылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары” жөнүндө  Мыйзамга өзгөртүүлөрдү  жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин КР Куралдуу күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо маселеси боюнча 2013-жылдын 5-июлундагы №4 чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган Мыйзамдын милдети  “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын реформалоонун негизги багыттарына шайкеш келтирүү болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 4-март