Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кар көчкүдөн улам жарандардын массалуу каза болгондугуна байланыштуу Афганистандын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 28-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге өлкөнүн түндүк-чыгышында кар көчкүдөн улам жарандардын массалуу каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан сөздөрүмдү жана жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендердин бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалагандыгымды жеткирип коюңузду өтүнөм”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2015-жыл 28-февраль