Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кореянын Президенти Пак Кын Хени Чыгыш календары боюнча Жаңы жыл менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президенти  Пак Кын Хени  Чыгыш  календары боюнча Жаңы жыл менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы  Кыргызстан менен Кореянын ортосунда мамилелердин жакшы динамикасын, байыркы тарыхий жана тууганчылык тамырларга негизделген конструктивдүү диалогдун жана түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташуунун кеңейишин канааттануу менен белгиледи.

“Сиздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана көп пландуу кызматташууну бекемдөөгө, анын ичинде Кыргызстанда демократиялуу шайлоолорду өткөрүүнү колдоо көрсөтүүгө чындап умтулууңузду баалайм.  Кыргыз-корейлик байланыштардын бардык комплексин мындан ары чыныгы өнөктөштүктүн маанайында  тереңдетүү достук мамиледеги элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына төп келээрине ишенем”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Кореянын Президенти Пак Кын Хеге эсенчилик жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми корей элине  тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 19-февраль