Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Президенти Хассан Роуханини Революция күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 11-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Иран Ислам Республикасынын Президенти Хассан Роуханини Революция күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Иранда эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи. “Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн өнүгө берээрине ишенем”, - деп айтылат телеграммада.

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Президенти Хассан Роуханиге чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Ирандын боордош элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү  каалады.

2015-жыл 11-февраль