Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатай Кутманбетовго материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2015-жылдын 9-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов 100 жашка толгон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, «Кызыл Жылдыз» жана «Даңк» ордендеринин ээси Анатай Кутманбетовго материалдык жардамды тапшырды.

Икрамжан Илмиянов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатай Кутманбетовго жолугуп, аксакалды 100 жылдык мааракеси менен куттуктады. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин мааракеге байланыштуу куттуктоосун окуп, чың ден-соолук каалады. Анатай Кутманбетовдун каармандыгы жана көп жылдык эмгеги азыркы жана келечек жаштар үчүн Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп саналаарын белгиледи. “Сиз басып өткөн өмүр жолуңуз бизге дем берет, жаратман эмгектин үлгүсү, Мекенди сүйүүгө жана элге ак кызмат кылууга үндөп турат. Президент Алмазбек Атамбаев ардагерлер - жаратмандардын жана жеңүүчүлөрдүн мууну менен сыймыктанаарын ар дайым баса белгилеп келет”, - деди Икрамжан Илмиянов.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо боюнча пландар туурасында айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Икрамжан Илмиянов ардагер Анатай Кутманбетовго 100 миң сом жана президенттик саат тапшырды.

2015-жыл 9-февраль