Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бүгүн, 2015-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Сочи шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Бейформалдуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосунда саясый, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун маселелери талкууланды.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Президенти Владимир Путин көп пландуу кыргыз-россиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.

Жолугушуу аяктагандан кийин Мамлекет башчылары Сочи шаарында ХXII Олимпиадалык кышкы оюндардын жана ХI Паралимпиадалык кышкы оюндардын ачылыш күнүнүн бир жылдыгына арналган «Оюндардан кийин бир жыл» аттуу муз үстүндөгү майрамдык шоуго чогуу кетишти.

2015-жыл 7-февраль