Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөдү

Бүгүн, 2015-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Сочи шаарына иш сапары менен жөнөп кетти.

Иш сапардын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаевдин Россиянын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрү болжолдонгон. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, түрдүү тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралмакчы.

2015-жыл 7-февраль