Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына мамлекеттик агенттиктин директору өлкөнүн жер казна обьектилерин пайдаланууга укук тартуулаган лицензияларды берүү процесстеринин ачыктыгын арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында мааламат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев тоо кендерин иштетүү тармагын өнүктүрүү жана өнөр жай обьектилерин ишке киргизүүнүн маанисине токтолуп, бул тармактар  өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана мамлекеттин кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөөрүн, ал өз кезегинде пенсия менен пособиелерди көтөрүүгө, өлкөнүн жарандарынын айлык акыларын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берээрин баса белгиледи.

Ушуга байланыштуу Президент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдыкресурстар боюнча  мамлекеттик агенттиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, потенциалдуу инвесторлор менен тыгыз кызматташып, ошондой эле коррупцияга каршы ишмердикти активдештирүүгө тийиш экендигин белгиледи.

2015-жыл 5-февраль