Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Серджо Маттареллени Италиянын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 2015-жылдын 3-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Серджо МаттареллениИталия Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Кыргызстан Италия менен достукту жана өз ара кызыкчылык туудурган приоритеттүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары чыңдоого зор маани берээрин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Серджо Маттареллеге чың ден-соолук, бакубатчылык жана мындан ары мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

2015-жыл 3-февраль