Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 23-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүнтышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын үстүбүздөгү жылга тышкы саясатындагы негизги приоритеттери талкууланды.

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Эрлан Абдылдаев 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин пландарын, тактап айтканда өлкөнүн кызыкчылыктарына төп келген натыйжалуу тышкы саясат жүргүзүүгө тиешелүү милдеттерди талкуулашты.

2015-жыл 23-январь