Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына республиканын жогорку билим берүү системасында жана илим тармагында реформа боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Эльвира Сариева ошону менен бирге мектептерге жана мектепке чейинки мекемелерге билим берүүчү инновацияларды киргизүү боюнча пландары туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн билим берүү жана илим чөйрөлөрүндө реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Андан тышкары Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигин Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен бирдикте өлкөнүн мугалимдеринин айлык акыларын жогорулатуу жөнүндө маселени иштеп чыгууга милдеттендирди.

2015-жыл 21-январь