Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри жана «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорун кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 20-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов менен «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорун Аргынбек Малабаевди кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков катышкан жолугушууда «Кыргызстан-Кытай» темир жолун куруу долбоорунун ар кандай варианттары талкууланды.

Мамлекет башчысы эки өлкөнү бириктирген ушул темир жолдун акыркы маршруту Кыргызстанга да, Кытайга да пайдалуу болушунун маанисин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановго ушул маселе боюнча Кытайдын мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн өлкөнүн өкмөттүк делегациясын жетектөө милдетин  тапшырды.

2015-жыл 20-январь