Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУӨП Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 19-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев БУУнун Туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын менен ООН системасынын ортосундагы кызматташтык маселелери, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы перспективалары, анын ичинде өлкөдө таза жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу, сот жана шайлоо системаларынын реформалары талкууланды.

2015-жыл 19-январь