Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына мамлекеттик чек араны ишенимдүү кайтарууну жана коргоону камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тапшырма берди

Бүгүн, 2015-жылдын 17-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 16-январында Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан «Айкөл» чек ара заставасына куралдуу кол салуунун натыйжасында кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон чек ара заставасынын начальниги, ага лейтенант Т.Исмаиловдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтты.

Мамлекет башчысы бул инциденттин жүрүшүндө жапа чеккен чек ара заставасынын начальнигинин орун басары, лейтенант Н.Осмоновго жана катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулуна бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүүгө буйрук берип, алардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарына болгон инцидентти дыкат териштирүү  жана чек ара заставасына кол салган күнөөлүүлөрдү  аныктоо боюнча тапшырма берди.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын ишенимдүү кайтаруу жана коргоо, чек ара заставаларын коопсуздугун чыңдоо боюнча бардык чараларды көрүү милдети тапшырылды.

2015-жыл 17-январь