Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 15-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысына диний уюмдардын жана бирикмелердин ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги багыттары жана принциптери аныкталган 2014-2020-жылдары диний чөйрөдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн жана коомдун демократиялык өнүгүшү үчүн диний чөйрөдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын концепциясын натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы толеранттуулук жана диний сабырдуулук идеяларын бекемдөөнүн, ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан окуялардын алкагында Кыргызстанда конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

2015-жыл 15-январь